Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Ирактын башкаруу кеңеши Туркиянын аскерлерин жайгаштырууга каршы


Ирактын АКШ колдогон башкаруу кеңеши Түркиянын аскерлерин Иракта жайгаштырууга каршы. Ал Кеңештин тышкы иштер министри жана Иорданиянын падышасы Абдулла Малайзияда бейшембиде өтүүчү Ислам Уюмунун саммити болоор алдында жолугушуп, Иракты калыбына келтирүүгө эл аралык коомчулукту көбүрөк тартуу тууралуу маселелерди талкуулашты.
Мусулман өлкөлөрү Иракка жоокерлерин жиберүүгө каршы болуп атат, деп билдирди Башкаруу кеңешинин тышкы иштер министри Хозар Зебари.
Иордан падышасы Абдулла Сингапурда сүйлөп, Ирактын коңшулары анын ичинде Иордания менен Туркия Ирактагы кырдаалга кийлигишпеши керек, себеби алардын бул өлкөдө өз кызыкчылыгы бар деди.

XS
SM
MD
LG