Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

Кошмо Штаттары Ирак боюнча жаңы резолюция даярдады


Британия жана Испания менен биргелешип жазылган долбоордо Ирактын Башкаруу кеңешине шайлоо өткөрүүнүн жана жаңы конституцияны кабыл алуунун ыраатын аныктоого декабрдын ортосуна чейин убакыт берилет. Резолюциянын долбоорунда Бириккен Улуттар уюмунун ыйгарымдары бекемделет, бирок жаңы конституцияны иштеп чыгууда жана шайлоо өткөрүүдө ага чектелүү роль ыйгарылат.
Иракта бүгүн Тикрит шаарында граната менен кол салууда бир америкалык аскер окко учту. Ал эми Багдадда кеминде бир аскер каза таап, экөө жараат алды.

XS
SM
MD
LG