Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Ош шаарына жаратылыш газы берилбей жатат


ОШ. Ош шаарына жаратылыш газы убактылуу берилбей калышынын себебин Ош шаардык газ чарба ишканасынын башкы инженери Алек Абдырахманов газ түтүгүнүн кышка карата тазаланып-оңдолуп жатышы менен түшүндүрдү. Тактап айтканда, Анжиян-Ош магистралдык газ түтүгүнүн 44-чакырымы бүтөлүп калгандыктан, анын тиешелүү тетиктерин алмаштыруу жана тазалоо иштери жүрүп жатат. «Бул иштер 14-15-октябрга белгиленгендигин Өзбекстан тарап алдын-ала кабарлаган», - дейт башкы инженер. Бирок Ошто газ басымынын азайганына 5 күн болду. Бүгүн газ таптакыр жок калды. Эки күнгө чектелген ремонт иштери эми канчага созулаарын айтыш кыйын.

XS
SM
MD
LG