Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

Азербайжандагы президенттик шайлоого Кыргызстандан бир депутат байкоо жүргүзөт


БИШКЕК. 15-октябрда Азербайжанда президенттик шайлоо болот. Ага байкоочу катары катышканы бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Самат Бөрүбаев жөнөп кетти. Мыйзам чыгаруу жыйыны КМШ иштери боюнча комитеттин сунушуна ылайык ушундай чечимге келди. КМШнын Аткаруу комитети Кыргызстанга Азербайжандагы президенттик жана Грузиядагы парламенттик шайлоого байкоочуларды жөнөтүүнү сунуш кылып кат жолдогон. Өкмөттүн эл аралык кызматташтык боюнча бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Грузиядагы парламенттик шайлоого да Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бир өкүл жибермекчи. Ал КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар тобунун курамында болот. Грузиядагы парламенттик шайлоо 2-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG