БИШКЕК. «Юстиция министрлиги Конституциянын 8-беренесин бузуп, Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинен кайра каттоодон өтүүнү талап кылышын бул министрликтин саясий буюртма аткарып, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ички ишине кийлигишүүсү катары баалайбыз». Бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге ушундай мазмундагы кайрылуу жолдоду. Кайрылуу ээси палатанын төрагасынан жакын арада аткаруу бийлиги менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы мамилеге арналган парламенттик талкуу өткөрүүнү, Конституциянын 8-беренесине түшүндүрмө берүүнү ж. б. өтүнгөн.