БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары 2004-жылдагы республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда бекитишти. Бул боюнча депутаттар кабыл алган токтомго ылайык, кыргыз өкмөтүнө 2004-жылдын 1-июнунан тартып өлкөдөгү мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акысын 50% жогорулатууга каражат табуу милдети жүктөлдү. Кабыл алынган долбоордо республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 14 млрд. 107 млн. сом, ал эми чыгаша бөлүгү 14 млрд. 668 млн. сом болуп, бюджеттин тартыштыгы 561 млн. сомду түздү.