Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:52

АКШнын Соода департаменти Кыргызстандын жетекчилигинде коррупция бар экенин белгиледи


БИШКЕК. Чет өлкөлүк фирмалар Кыргызстанда коррупцияга байланышкан проблемаларга көп кириптер болушат. АКШнын Соода департаментинин Кыргызстандагы инвестициялык жагдай тууралуу жылдык докладына таянып, «centran.ru» интернет-баракчасы ушундай маалымат таратты. Анда жазылганга караганда, кайсы маселени чечиш зарыл болсо да, бийликтин бардык тепкичтеринде, айрыкча бийликтин жогорку баскычында пара бериш керек болот. «Өкмөт коррупцияга каршы түзгөн бөлүмдөр азыр ишинин натыйжасын далилдей элек. Коррупцияга каршы айыптар болсо адатта өкмөттүн саясий каршылаштарына тагылат», - деп айтылат интернет-баракча тараткан маалыматта. Ал эми «Транспарэнси Интернешнл» уюмунун Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча координатору Стиан Кристенсендин пикиринде, Кыргызстанда коррупциянын өнүгүшүнө чет өлкөлүк компаниялардын да салымы бар. Мындай көз карашын ал өткөн аптада Бишкектеги маалымат жыйынында билдирген.

XS
SM
MD
LG