Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:41

Эл аралык мунапыс уюму Путинге кайрылды


Эл аралык мунапыс уюму Владимир Путинге өлкөнүн аймагында жашап жаткан мурдагы Советтер биримдигинин жүз миңдеген атуулдарынын көйгөйлөрүн чечип берүүсүн талап кылган кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда ал адамдарга орусиянын атуулдугун алууга жана туруктуу жашоосуна жардам көрсөтүлсүн деген өтүнүч айтылган. 2003-жылдын 31-декабрында мурдакы совет паспорту колдонуудан чыкса алардын абалы кескин оордойт деп билдирет укук коргоо уюму.
Эл аралык укук коргоочулар Путинге жолдогон кайрылууга 16 миң адам кол койгон.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Аманбек Дилденбай, Прага

XS
SM
MD
LG