Азербайжанда президенттик шайлоо өнөктүгү соңуна чыкты. Эртең 4 миллиондон ашуун шайлоочу 8 талапкер үчүн добуш бермекчи. Ушул тапта АКШда дарыланып жаткан президент Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев-расмий бийликтер колдогон талапкер. Ал августтан бери өлкөнүн премьер-министри. Илхам Алиев бүгүн шайлоо калыс өтөт деп билдирди. Азербайжан оппозициясы болсо расмий Бакуну шайлоону бурмалоо үчүн камынып жатат деп сындады.