Ырасмий Бээжин адам башкарган биринчи космостук кеменин учурулушу сыналгыдан түз көрсөтүлбөйт деп билдирди. Кытайдын борбордук телевидениесинин маалымдашынча, мындай чечим космостук адистер ортосундагы масилээттен соң кабыл алынган. Бирок “Шеньчжу-5” кемесинин учурулушу кечирээк көрсөтүлөт. Кеме 15-17 октябрдын аралыгында Ички Монголияга чектеш Гэнсу провинциясындагы космодромдон учурулат.