Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Венада Ирандын өзөктүк программасы талкууланды


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик- МАГАТЭнин башчысы Мохаммед ал-Барадейи бүгүн Венада Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы маселерди талкуулады.
АКШ Иранга өзөктүк долбоорлорго жардам берүүдө деп Москваны сындаган. Вашингтондун көз карашында Тегеран бул долбоорлор аскердик максатка колдонушу мүмкүн.
Ал-Барадейи Тегеран жашыруун өзөктүк курал жасабаганы тууралуу баяндаманы жакынкы күндөрдө МАГАТЭге тапшырат деген үмүттө.
Иран болсо өзөктүк технологияларды тынчтык максатта гана колдоноорун ырастоодо.
Келээрки бейшембиде МАГАТЭнин башчысы Тегеранга барат.

XS
SM
MD
LG