Багдадда журналисттер жашаган “Палестина” мейманканасынын жанында ок атылды. Мейманканага жакын жердеги эки имараттан атылган октон жабыр тарткандар болгон жок. Полиция кол салгандарды издөөдө. Ал эми Кербела шаарында имамдар Аббас менен Хусейиндин күмбөзүн көзөмөлгө алуу боюнча келишпей, шийит топторунун ортосунда чыккан чатактан 18 адам жараат алды.
Бүгүн эле Багдаддагы Түркия элчилигинин жанында террорист-жанкечти өзүн өзү жардырды. Түрк телевидениесинин билдиргенине караганда элчиликтин эки кызматкери жараат алды. Си-эн-эндин телевидениесинин маалыматы боюнча элчиликтин жанында дагы эки жолу жардыруу болгон.