Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ирак маселеси тууралуу резолюциянын долбоорун сунуштайт


АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине Ирак маселеси тууралуу резолюциянын кайрадан иштелип чыккан долбоорун үчүнчү жолу сунуштады. Вашингтондун билдиргенине караганда, бул долбоордо каршы тараптардын пикирлери эске алынган.
Жаңы долбоорду даярдоого Британия менен Испания да катышкан.
Азыркы долбоордо Ирактын Башкаруу кеңеши 15-декабрга чейин БУУнун Коопсуздук Кеңешине конституцияны жана жалпы элдик шайлоону өткөрүүнүн графигин сунуш кылыш керек деп көрсөтүлөт.
АКШнын БУУдагы өкүлү Жон Негропонте:

- Биз сунуш кылган Ирактын күнкорсуздугу жөнүдөгү резолюциянын жаңы долбоорунда Ирак мамлекет катары таанылат.Бирок коалициянын утурумдук бийлиги убактылуу мөөнөткө түзүлгөнүн ырастайт. Бул резолюцияда азыркы бийликтин зарылдыгын жана өкмөттүн милдеттерин баса көрсөтөбүз.

Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен менен Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер резолюциянын жаңы долбоорун кубатташты.
Коопсуздук Кеңеши резолюцияны келерки аптада добушка коюшу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG