Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Кыргызстанда Ирандын маданий күндөрү башталды


БИШКЕК. Бүгүндөн тартып 19-октябрга чейин Кыргызстанда Ирандын маданий күндөрү өткөрүлөт. Анын ачылыш аземи бүгүн Бишкектеги Тарых музейинин имаратында өткөрүлдү. Ирандын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, беш күн ичинде Иран менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара мамиленин өнүгүшү тууралуу маалымат берилип, сүрөт көргөзмөсү жана Ирандын улуттук каада-салты тууралуу даректүү кинотасма көрсөтүлөт. Мындай иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесине арналууда.

XS
SM
MD
LG