Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Бүгүн Ысыккөл облусунун Каракол шаарынын мэри шайланды


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөл облусунун Каракол шаардык кеңешинин сессиясы өтүп, анда шаардын башчысы шайланды. Сессияга президенттик администрациянын инспектору Мелис Абдыбеков катышты. Ал президент А.Акаевдин жарлыгы менен Караколдун шаар башчылыгына талапкер катары көрсөтүлгөн адамдардын өмүр баянын кыскача айтып берди. Бул кызматка талапкер болгондордун бири, Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Кадырбек Байтилеков ишеним көрсөткөндүгү үчүн президентке ырахмат айтып, сессияда өз талапкерлигин алып салды. Ал эми Караколдун мэри болуп буга чейин шаар башчысынын милдетин аткарып келген Доктурбек Кыдыров шайланды.

XS
SM
MD
LG