Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:56

Орусия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бермек болду


БИШКЕК. Эки өлкөнүн өз ара милдеттенмелерине ылайык Орусия Кыргызстанга жакында аскердик-техникалык жардам берет. Бул маалымат бүгүн коргоо министри Эсен Топоевден алынды. Жардамдын биринчи бөлүгү 23-октябрда, «Кант» аба майданындагы орусиялык аскердик авиабазанын расмий ачылыш салтанатында тапшырылышы күтүлөт. Салтанатка эки өлкөнүн мамлекет башчылары Владимир Путин менен Аскар Акаевдин катышаары болжолдонуп жатат. Буга чейин белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Канттагы аскер-аба майданына Орусиянын 500дөй аскер кызматкери, Су-25, Су-27 үлгүсүндөгү аскерий учактар, тик учмалар жана аскердик жүк ташуучу учактар жайгашат. Ал эми Эсен Топоевдин маалыматы боюнча, «Кант» аба майданында азыр Су-25 үлгүсүндөгү аскердик учак жайгашып турат. Калгандары жакынкы күндөрү келет.

XS
SM
MD
LG