Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Президент А.Акаев элге жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Кыргызстандын калкына салттуу кайрылуу жасады. Жогорку Кеңештин бул окуяга байланышкан кошмо жыйынына парламенттин 85 депутаты, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, расмий бийликтин, Кыргызстандагы элчиликтердин, эл аралык уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Аскар Акаев өз кайрылуусунда өлкөнүн өнүгүү жолундагы келерки жылы аткарыла турган үч милдетти белгиледи. Алар - акыйкат башкарууну орнотуу, натыйжалуу экономикалык саясатты ишке ашыруу жана социалдык мобилизациялоо ресурстарын толук аракетке келтирүү. Президенттин айтымында, туруктуу өнүгүүнү шарттаган бул кадамдар калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт.
«Бүгүнкү күндүн иш жүзүндөгү максаты жана урааны - «Ар бир үйгө байгерчилик», - деди Аскар Акаев. - Социалдык мобилизациялоо, экономикалык иш-аракеттердин эркиндиги жана акниет башкаруу аркылуу келерки жылы биз негизинен жардылыкты азайтуу жана адамдардын татыктуу жашоосун камсыз кылуу жагынан чечкиндүү кадам таштоого тийишпиз». Мамлекет башчысынын пикиринде, 2010-жылга чейин жардылыкты кеминде эки эсе азайтып, калктын чыныгы кирешесин эки эсе арттыруу зарыл. Бул иштердин пайдубалы 2004-жылы түптөлүүгө тийиш. «2005-жылы болуучу шайлоолордо адамдар ар бирибиздин ишибизге айылда, шайлоо округдарында, райондордо жана шаарларда жүрүп жаткан реалдуу өзгөрүүлөргө жараша баа беришет. Чыныгы иштер гана элдин ишеничине жана мандатына ээ кылат», - деди президент.
Президент А. Акаевдин бул кайрылуусуна карата саясатчылар ар кандай пикир айтышты. Мисалы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Абсамат Масалиевдин көз карашында, президент бул жолу деле мурдагыдай эле жалпы сөз айтканы болбосо, өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн механизмин чечмелеп бере алган жок. Ал эми Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, мамлекет башчысынын бүгүнкү айткандарынын жок эле дегенде 70% турмушка ашырылат.

XS
SM
MD
LG