Өзбекстандын оппозициячыл “Эрк” партиясынын өкүлдөрү бүгүн Ташкенде нааразылык акциясын өткөрүп, ушул аптанын башында полиция тартып алган мүлкүн кайтарып берүүнү талап кылышты.
Өзбекстандын башкы прокуратурасынын алдында чогулган “Эрктин” 20га жакын мүчөсү “Диссиденттерди куугунтуктоо токтотулсун!” деп жазылган плакатты кармап турушту. Дүйшөмбү күнү өзбек полициясы “Эрк” партиясынын эки мүчөсүн камакка алып, партиянын лидери, чет мамлекетте баш пааналап жүргөн Мухаммед Салихтин китептеринин көчүрмөлөрүн, партиянын ураан чакырыктары басылган кагаздар менен айрым документтерди алып кетишкен. Андан кийин “Эрктин” мүчөсүнүн үйүн тинтүү маалында партияга таандык компьютер, принтер жана башка жабдыктар тартылып алынган.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Аманбек Дилденбай, Прага