Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Азербайжанда президенттик шайлоо өттү


Азербайжандагы бүгүнкү президенттик шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “өттү” деп табылды. Добуш берүүгө, кечки маалыматтар боюнча, шайлоочулардын 70%дан ашууну катышты.
Президенттик кызматка башкы талапкерлер Азербайжандын премьер-министри Илхам Алиев жана оппозиция тараптын өкүлдөрү Иса Гамбар менен Этибар Мамедов.
Эл аралык байкоочулар шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндөгү айрым көрүнүштөрдү сынга алышты. Атап айтканда, оппозициялык тарапты колдогондорду полиция күчкө салып тараткан. Басма сөздө бир тараптуу маалыматтар чагылдырылган.
Шайлоонун жыйынтыгы эртең менен белгилүү болот. Илхам Алиевдин атаандашы, Мусават партиясынын жетекчиси Иса Гамбардын оюнча, ал добуштун 60 пайыздайын алган. Алиевди колдоочулар болсо көпчүлүк добуш Илхам Алиевге берилгенин айтууда. Көз каранды эмес булактар аркылуу бул маалыматтарды тастыктоого азырынча мүмкүн болгон жок. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн алгачкы жыйынтыгын бейшембиде жарыяламакчы.

XS
SM
MD
LG