Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Индияда радикал уюмдун жетекчиси кармалды


Индиялык полиция индустардын радикал тобунун жетекчиси Гирираж Кишорени камакка алды. Кишоре индустар менен мусулмандардын тирешүүсү курчуп кеткен Айдоха шаарына барууга ниеттенген. “Вишва Хинду Паришад” тобунун бул жетекчиси жана анын 500дөн ашуун колдоочусу Лакнау шаарында кармалды.
Айдохадагы индустар 1992-жылы индус бейбаштары кыйраткан мусулман мечитинин ордуна индус ыбаадатканасын курууну талап кылууда. Индус-мусулман тирешүүсүнүн айынан бери дегенде үч миң адам набыт болгону маалым.

XS
SM
MD
LG