Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Палестинада америкалык автокербен террактка кабылды


Бүгүн Газа тилкесиндеги Эрец чек ара өтүмүнөн АКШнын дипломаттары бараткан автокербендин жолунда жардыруу болду. Жардыруудан 3 адам набыт болуп, бирөө жараат алды.
Америкалык жип автоунаасы талкаланган. Автокербенде америкалык дипломаттар жана ЦРУнун кызматкерлери да бар эле. Мерт болгондор америкалык сакчы жоокерлер. Палестинадагы эч бир топ же уюм бул террордук жардырууга жоопкердикти мойнуна алган жок. Палестин автономиясынын премьер-министри Ахмед Корейи бул терракты айыптады жана уюштургандарды табууга убада берди.

XS
SM
MD
LG