Өзбекстан соту кечээ күнү оппозициялык "Эрк" партиясынын эки мүчөсүн беш күндүк камакка кести. Соттун айтымында, алар уруксат берилбеген митингге катышкан. Кечээ күнү эртең менен партиянын жыйырмага жакын мүчөсү Башкы прокуратуранын алдына чыгып, партиянын дүйшөмбү күнү конфискацияланган мүлкүн кайтарып берүүнү талап кылган. Милиция пикетчилерди автобуска күч менен салып алып, аларды түз эле сотко алып барган.