Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:50

Азербайжандагы президенттик шайлоодо Илхам Алиев жеңип чыкты


Кечээ күнү Азербайжанда президенттик шайлоо өткөрүлдү жана Борбордук шайлоо комиссиясынын айтымында, анда ооруп жаткан президент Гейдар Алиевдин уулу премьер-министр Илхам Алиев жеңип чыкты. Шайлоо аяктаары менен атаандаш талапкер Иса Гамбар - ал өзү добуштардын 60 пайызынан ашыгын чогултканы тууралуу билдирген. Оппозициялык саясатчылар менен эл аралык байкоочулардын айтымында, добуш берүү учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болду.
XS
SM
MD
LG