АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, палестиналыктар террорду токтото албаса, алардын эгемендүү мамлекети түзүлбөйт. Пауэллдин жарыясын кечээ күнү кечинде Мамлекеттик департаменттин басма соз катчысы Ричард Баучер окуду: "Мен аларга - террорчулукту токтотуу керектигин мүмкүн болушунча катуу мүнөздө айттым. Эгер мыйзам бузуулар менен террор улана берсе, Палестина менен Израил ортосундагы маселени чечүү эки мамлекеттүү жыйынтык менен аяктабайт деп мен премьер-министр Ахмед Корейиге түшүндүрдүм". 15-октябрда Газа тилкесинде ишке ашырылган террор аракетинен үч америкалык жаран курман болду. Президент Жорж Буштун айтымында, Палестина автономиясынын премьерине кеңири укук берилүүгө тийиш, анткени реформаларды төрага Ясир Арафат токтотуп жатат.