Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Бириккен Улуттар уюму Түндүк Ооганстанда кырдаал тынчыганын билдирди


БУУнун маалымат катчысы Мануэл де Алмейда е Силванын бүгүн кабарлашынча, өткөн аптада танк, замбирек, ракета колдонуп, согушкан өзбек жана тажик фракциялары ок атышууну убактылуу токтотууга келишишти.
Абдул Рашид Достумдун жана анын атаандашы Атта Мохамеддин аскерлеринин көбү турактарына кайтып кетишти. Ал эми Бириккен Улуттар уюму кайрадан Түндүк Ооганстанга гуманитардык жардам жеткире баштады.
Ооганстандын Пакистан менен чек арасына жакын жерде кечээ бомба жарылып, жүк ташуучу машинанын айдоочусу набыт болду. Эки киши жараат алды. Ушул эле күнү куралчандар Хогиани шаарында ооган армиясынын текшерип-өткөрүү бекетине кол салышты. Жапа чеккендер тууралуу кабарланган жок.

XS
SM
MD
LG