Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Өзбекстанда укук коргоочулар репрессияларга каршы демонстрация өткөрүштү


30 чакты киши оппозициячыл партиянын эки мүчөсүнүн камалышына нааразылык билдиришти жана бийликтерди полициянын зордук-зомбулугу, айыпкерлерди кыйноо жана укук бузуулар түрүндөгү мамлекет сүрөөнгө алган репрессияларды токтотууга чакырышты.
Ташкен соту кечээ баш прокурордун кеңсесинин алдында нааразылык акциясына катышканы үчүн, Эрк партиясынын эки мүчөсүн беш күнгө эркинен ажыраткан эле. Партиянын штаб-квартирасында жана партия мүчөлөрүнүн үйлөрүндө конфискацияланган документтерди жана жабдууларды кайтарып берүү талабы менен, кечээ 20 чакты киши пикетке чыккан.
Эрк партиясы Советтер Союзунун акыркы күндөрүндө түзүлгөн алгачкы көз карандысыз партия болгон. Ал 1991-жылы, Өзбекстан көз карандысыздык алгандан кийин каттоодон өткөн. Бирок бийликтердин куугунтугу партияны саясий ишин токтотууга мажбур кылган.

XS
SM
MD
LG