Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Азербайжандагы тополоңдо эки киши набыт болду


Бакы калаасында бүгүн миңдеген киши кечээки шайлоонун жыйынтыгына каршы көтөрүлдү. Азербайжандын шайлоо комиссиясы добуштардын 94 пайызы саналгандан кийин "Азыркы президент Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев добуштардын дээрлик 80 пайызын алды", - деп жарыялаган. Мусават партиясынын жетекчиси Иса Гамбар 12 пайыз менен экинчи болуп келди.
Бирок оппозиция өкмөттү "шайлоо жыйынтыгын бурмалады" деп ырастоодо. Бийликтеги Йени Азербайжан партиясынын өкүлү Али Ахмадов тополоңдо улгайган жаштагы бир киши жана жаш бала тепсендиде калып, көз жумганын маалымдады.
Байкоочуларын жиберген ЕКК уюмунун өкүлү Урдур Гуннарсдоттир Азаттыкка буларды билдирди:

– Бюллетендер бурмаланган, элди коркутуп-үркүткөн, добуш берүү кабиналарында кишилерге көрсөтмө берилген, уруксаты жок байкоочулар шайлоо бекеттеринде жүргөн жана башка ушул сыяктуу көптөгөн проблемалар болду.

Иса Гамбардын колдоочулары колдоруна темир союл, таш алып, полиция менен кагылышты. Журналисттер канжалап, жерде жаткан демонстранттарды полициянын союл менен сабаганын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG