Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын бейөкмөт уюмдары БУУга кайрылышты


БИШКЕК. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын бейөкмөт уюмдары «аялдар маселелери боюнча кезектеги V дүйнөлүк конференция 2007-жылы өткөрүлсүн» деген сунушун Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү тутумдарына жолдошту. Аялдардын бейөкмөт уюмдары бул сунушту колдоого чакырып, өз өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө да кайрылышат. Мындай чечим Аялдардын Борбор Азиядагы бейөкмөт уюмдарынын коалициялык кеңешинин Бишкекте өткөн үч күндүк жыйынында кабыл алынды. Ага Казакстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын аялдар маселелери боюнча бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Алар региондогу аялдардын маселелерин мындан ары биргелешип чечүү боюнча атайын стратегияны иштеп чыгышты. Жыйында, аялдардын проблемалары боюнча 1995-жылы Бээжинде өткөн IV дүйнөлүк конференцияда аялдардын абалын жакшыртуу боюнча кабыл алынган платформанын аткарылышына байкоо жүргүзүүнүн ырааты иштелип чыкты. Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны 2004-жылы май айында Ташкенде болот.

XS
SM
MD
LG