Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Кыргызстандын вице-премьер-министри Улуу Британиянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Улуу Британияга үч күндүк иш сапары менен барып, бул өлкөнүн парламентинде болуп, Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууларда Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык жана саясий реформалар жөнүндө кеңири маалымат берди. Ал Улуу Британиянын Батыш Суссекс графтыгындагы Уилтонпарк борборунда өткөрүлгөн «Каспий деңизи жана Борбор Азия: стабилдүүлүк жана өнүгүү» аттуу конференцияга да катышты. Кыргызстандын вице-премьер-министри анда «Борбор Азиядагы инвестициялык саясат жана экономикалык өнүгүү» деген темада доклад жасады. Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда иш жүргүзгөн британиялык компаниялардын өкүлдөрү менен да жолугушту. Бул жөнүндө маалымат бүгүн Инвестицияларды тартуу боюнча катчылыктан келип түштү.

XS
SM
MD
LG