Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы тууралуу жаңы көрсөткүчтөр жарыяланды


БИШКЕК. Быйылкы жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда макроэкономикалык туруктуу өсүш байкалууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө жазылган. 2003-жылы 9 ай ичинде өлкөнүн ички дүң жыйымы өткөн жылга салыштырганда 5,1% көбөйгөн. Анын ичинен өнөр жайында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү былтыркыга салыштырганда 14% өсүп, тышкы соода жүргүртүүнүн өлчөмү 9,9 % көбөйгөн. 9 айдын аралыгында өлкөдөгү керектөө бааларынын индекси 0,1% төмөндөп, долларга карата сомдун алмашуу курсу 7,8% бекемдеген. Мындай маалыматка оппозиция өкүлдөрү ынанышпайт. Алардын пикиринде, мамлекеттик органдар мындай көрсөткүчтөрдү жогорку бийликтин тапшырмасы менен иштеп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG