Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панахов кечээ күнү президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарын жарыялап, анда Илхам Алиев жеңип чыкканын билдирди. Комиссиянын эсеби боюнча, Алиев добуштардын 80 пайызына жакынын чогулткан, "Мусават" партиясынын лидери Иса Гамбар үчүн болсо 12 пайыз шайлоочу гана добуш берген. Өкмөт шайлоонун жыйынтыктарын бурмалады деп оппозиция кечээ күнү митинг-демонстрация өткөрдү жана кагылышуулардан кеминде бир адам набыт болду. Шайлоо 15-октябрда өткөрүлгөн жана анын жүрүшүн эл аралык байкоочулар дагы, АКШ жетекчилиги да сынга алды.