Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

ОРУСИЯ ЖАНА МУСУЛМАН ДҮЙНӨСҮ


Муса Мураталиев (Musa Murataliev), Маскөө шаары Малайзияда Ислам конференциясы уюмунун 10 жылдыгына арналган чогулуш ачылганда Маскөөдө “Мусулмандар коомчулугунун биримдиги” аталыштагы эл аралык олтурум өз ишин баштаган. Ислам дүйнөсүнүн жалпы маслеттерин кучагына алган бул олтурумга орусиялык мусулмандар катышты. Мындай көрүнүштү Орусиядагы мусулмандардын укугунун жакшырып баратышы деп баалагандар да жок эмес. Бирок айрым анализчилердин баамында, мындай кадамды өлкөнүн саясий элитасы шайлоо кезеңи жакындаган чакта өзүнүн атын чыгаруу үчүн жасоодо.

Орусия президенти Владимир Путиндин тогуз күндүк сапары Малайзия, Тайланд жана Кыргызстан аркалуу өтөт. Анын алгачкы сапары Малайзияда өтүп атат. Ал өлкөнүн ордо калаасы Путражайада жыйылган Ислам конференция уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн олтурумуна Путин сый конок болуп катышып атат. Сырттан көз салуучулардын баамында, анын максаты - орусиялык мусулмандарды эл аралык уюмга байкоочу укугу менен аралаштыруу жана келечекте өлкөнү ага мүчө кылып өткөрүү.

Путражайа калаасында өтүп аткан чогулушка 60ка чукул мамлекеттен делегациялар катышып атат. Баса, ИКУ ишине Кыргызстандын делегациясы да катышууда.

Мусулмандар дүйнөсүнүн каймагы дээрлик бул олтурумда Ирактагы жагдай, даана айтканда, ал өлкөнү кайра куруу жумушун Бириккен Улуттар Уюмуна ыйгарып берүү, Кошмо Штаттарынын күчтөрүн ал өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылуу жана арабдар менен Израилдин ортосундагы кагылышуулардын тегерегинде кызуу талкуу жүрүүдө.

Ал олтурумда Малайзия премьер-министри Махатхир Мохаммед ачууга алдырып мындай деп айтты:

- Европалыктар (фашисттер – М.М.) 12 миллион жөөттүн 6 миллионун жок кылышкан. Ошого карабай, бүгүн дүйнөнү башкарган кайра эле ошол жөөттөр. 1 миллиард 300 миллион мусулман бир нече миллион жөөттөн жеңилип калышы мүмкүн эмес.

Мындай кеп жеткени Маскөөдө ар кыл талаш-тартыштар башталды. Махатхирдин сөзү ар тараптан сынга алынды. Айрым саясатчылар президент Путиндин исламдык дүйнөдөн тирек издеши натуура дешсе, башкалары Орусияны Исламдык конференция уюму кабыл албай атыптыр деген жоромолун айтууда.

Орусиялык делегациянын мүчөсү, Чеченстандын орусиячыл өкмөтүнүн президенти Ахмад Кадыровдун бул маселедеги ою мындай чыкты:

- Орусия бул уюмга байкоочу болуп өтөт. Анын биз үчүн, биздин миңдеген мусулмандар үчүн пайдасы бар. Бул - бир эле бизге эмес, бул уюмдун өзүнө да пайдалуу.

Орусиянын исламдык комитетинин жетекчиси Гейдар Жемалдын оюна караганда, Маскөөнүн Исламдык конференция уюмуна өтүү далаалаты – шайлоо алдындагы өлкөдөгү добуш берүүчүлөрдүн ташын талашуу аргаларынын бири.

ИКУнун жобосуна (уставына) ылайык, ага мүчө болуп өтөм деген мамлекеттин калкынын олуттуу бөлүгү ислам динине таат кылышы керек экен. Ошол себептүү ал эл аралык уюм Орусияны байкоочу катары ишине аралаштырып андан кийин мүчө кылып албай коюшу мүмкүн деп айрым адистер жорушууда. Баса, бул күндөрү, Пакистан баш болгон кайсы бир өлкөлөр Орусиянын байкоочу болуп да кабыл алынышына каршы чыкканы кабардалды.

Путражайада өткөн саммитте Путинге сөз элдин эң акырында тийген. Орусиянын лидери советтик тушта диний кысым канчалык каардуу болгонун айтып келип азыркы кезди ал күндөр менен салыштырган:

- Эгерде 1991-жылы Орусияда 870 мечит болсо, азыркы тушта анын саны 7 миңден ашат.

Президент Путин алыста иш сапары менен жүргөндө Маскөөдө «Мусулман коомчулугунун биримдиги» аталышта башка бир жыйын өттү. Анын ишине катышкан Маскөө шаар акими Юрий Лужков кырдаалды абдан кооздоп сыпаттады. Ал эми чогулушка катышкандардын айрымдарынын айтканына караганда, баш калаага мусулман кийимчен кишинин көчөгө чыгуусу кыйындады. "Милиция алардын улам жолун тороп, паспортун текшерип, ал тургай убактылуу абакка кармап да кетет", - дешти жыйын катышуучулары.
XS
SM
MD
LG