Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Тайванда дүйнөнүн эң бийик имараты курулду


ТАЙПЕЙ. Тайвандын баш калаасы Тайпейде бүткөрүлүп жаткан 101 кабаттуу үй - дүйнөнүн эң бийик имараты болот. Бийиктиги 508 метр келген мунара түспөлүндө салынган имарат келээрки жылы бүткөрүлүп, анда Тайвандын баалуу кагаздар биржасы, соода борбору, баары болуп, 12 миң киши иштей турган мекеме кеңселери жайгашат. Саатына 60 чакырым ылдамдык менен жүргөн эки кабаттуу 34 лифт кишилерди жерден 90-кабатка 39 секунддун ичинде жеткирет. Бул дүйнөнүн эң тез жүргөн лифти болмокчу. Имарат күчү Рихтер чен өлчөмү боюнча 7 даражага жеткен жер титирөөгө туруштук бере алат.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG