Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Малайзия өкмөт башчысынын жөөттөр жөнүндө айткан сөздөрүнө өкүнүчүн билдирди


ПУТРАЖАЙ. Мусулман өлкөлөрү Малайзия премьеринин жөөттөр жөнүндө айткан сөздөрү бурмаланганын билдиришти. Мохаммаддын "Жөөттөр дүйнөнү өз өкүлдөрү аркылуу бийлеп жатышат", алар "башкаларды өзүлөрү үчүн өмүрүн садага чаптырууда" деген сөздөрү кечээ дүйнө өлкөлөрүнүн нааразылыгын жараткан. Бүгүн Малайзиянын Тышкы Иштер министри Саед Хамид Албар бирөөгө, анын катарында, жөөттөргө кек саноону Ислам колдобой турганын билдирди. Ошону менен бирге Албар "Израил мамлекетинин пайда болгону" эки ортодогу жалгыз проблема болгонун кошумчалады. Мохатхир Мухаммаддын билдирүүсүн Еврошаркет менен АКШ кескин сынга алышты.

XS
SM
MD
LG