ПУТРАЖАЙА. Ирандын президенти Мухаммад Хатами Ирандын Атомдук курал чыгарганга ниети жок экенин билдирди. Президент Иран Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттиги менен кызматташуусун уланта турганын билдирип, ошону менен бирге агенттиктин Иранга койгон айрым талаптарын "адилетсиз" деп атады. Мамлекет башчы Иран атомдук технологияларды таркатпоо жөнүндө кошумча протоколго кол койуусу мүмкүн экенин айтты. Андай документ МАГАТЭге Иранда капилет текшерүүлөрдү жүргүзгөнгө укук берет. Бирок Ирандын президенти анын өлкөсү уранды тынчтык максаттарда пайдалануу үчүн аны байытууга толук укугу бар экенин кошумчалады.