БРҮССЕЛЬ. Брүсселде Еврошаркеттин эки күндүк саммитти аяктады. Биргелешкен резолюцияда уюмдун мүчөлөрү палестин жетекчилигин террорчулукка каршы чечкиндүү чара көрүүгө чакырышты. Ошондой эле Израилдин палестин аймагы менен өзүнүн ортосуна дубал салып жаткандыгына тынчсыздануу билдирилди. Ошондой эле лидерлер Тегеранды атомдук объекттерин бир сыйра текшерип чыгууга Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттигине уруксат берүүгө чакырышты.