Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Израилдин премьер-министри Арафаттын сүргүнгө айдалышына каршы


ИЕРУСАЛИМ. Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон Палестин лидери Ясир Арафатты сүргүнгө айдоого каршы экенин билдирди. Иерусалим Пост гезитине берген интервьюсунда Шарон Арафаттын күчкө салып кетирилиши Израилди жакшылыкка алып келбесин айтты.
Шарондун бул билдирүүсү анын кабинетинин Арафатты сүргүнгө айдоо жөнүндө мындан бир ай мурда жасаган билдирүүсүнө кайчы келет. Шарондун интервьюсу өткөн жекшемби күнү жазылып алынган. Ал эми кечээ палестиндердин израилдик аскерлерге жасаган чабуулунан үч киши курман болду. Бул окуяга байланыштуу палестин бийликтери кечээ жети палестин согушкерди кармады.

XS
SM
MD
LG