Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:06

Азербайжанда тартип калыбына келтирилди


БАКЫ. Азербайжандын премьер-министри Илхам Алиев баш калаада тартип калыбына келтирилгенин билдирди. Кечээ шаарда президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда бир киши курман болуп, ондогон кишилер жараат алышкан. Оппозиция өкмөттү шайлоонун жыйынтыктарын бурмалады деп айыптаган эле. Бүгүн улуттук телевидениеден сүйлөгөн сөзүндө Илхам Алиев кагылышууларга шыкакчы болгон адамдар мыйзам жообуна тартылаарын билдирди. Прокуратура баш аламандыктарды оппозициячыл үч партия уюштурган деп айыптайт. Бүгүн Азербайжандын парламенти чукул жыйын өткөрүп, оппозициячы депутат Игбал Агазадени депутаттык кол тийбестиктен ажыратты.

XS
SM
MD
LG