Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Кербала шаарындагы ок атууда үч америкалык жана эки ирактык полициячы курман болду


КЕРБАЛА. Ирактын Кербала шаарында болгон ок атышууда үч америкалык солдат жана эки ирактык полициячы курман болду. Аларга белгисиз бирөөлөр Кербаланын мечитинин чатырынан ок атышкан. АКШнын аскердик өкүлдөрү кол салуудан ошондой эле дагы эки америкалык солдат менен беш ирактык полициячы жараат алганын кошумчалайт. Киркукта бирөөлөр АКШнын солдаттарын ракета менен аткылаган. Андан америкалык солдаттар жабыркаган жок. Баары болуп, согуштук операциялар негизинен аяктады деп жарыяланган биринчи майдан бери Иракта 100дөн ашык америкалык солдат курман болду.

XS
SM
MD
LG