Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

Түркиянын өкмөт башчысы Кыргызстанга иш сапары менен келмек болду


БИШКЕК. 21-октябрда Кыргызстанга Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган эки күндүк иш сапары менен келет. Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, Түркиянын өкмөт башчысы президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана Жогорку Кеңештин палаталарынын төрагалары менен жолугушат. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу маселе талкууланат. Мындан тышкары, Р. Эрдоган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болуп, анын жаңыдан курулуп бүткөн эки окуу имаратынын ачылыш аземине катышат.

 

XS
SM
MD
LG