Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Азербайжанда оппозицияга олуттуу чаралар көрүлөт


Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн жаңы шайланган президенти Илхам Алиев билдирди. Өткөн эки күндөгү тополоңдор үчүн жоопкерчиликти Алиев оппозициядагы “Мусават” партиясына жүктөдү. Мындан он жылдай мурдагы окуяларда да оппозициялык саясатчылар жазыксыз адамдардын канына забын болушканын, бирок кийин жоопкерчиликтен кутулуп кетишкенин эске салып, эми мындайга эч качан жол берилбей тургандыгын эскертти. Бийликтер төрт кишини - Карабах согушунун майыптар уюмунун мурдагы төрагасын, “Эхрар”, “Умид” жана “Мусават” партияларынын айрым жетекчилерин камашты. Азербайжандагы президенттик шайлоону Батыштагы бир катар укук коргоочу уюмдар сынга алышты.

XS
SM
MD
LG