Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Боливиянын конгресси президенттин отставкасын кабыл алды


Президент Гонсало Санчес де Лосаданын бийликтен баш тарткан каты кечээ кечинде парламентте угузулду. Анын кызматтан кетишин талап кылып, өлкөдө бир айдан бери аламандаган акциялар өтүп жатат.Тополоң учурунда жетимиштей киши набыт кетти. Нааразылыктарга адегенде өкмөттүн АКШга табигый газ сатуу жөнүндөгү чечими себеп болду. Оппозиция газ экспорту калктын жону калың катмарын гана байытат деп эсептейт. Конституцияга ылайык, мамлекет башчысынын милдети вице-президентке өттү. Лосада болсо бүгүн Боливияны таштап, АКШга бет алды.

XS
SM
MD
LG