Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:08

Иракта дагы төрт америкалык аскер курман болду


Иракта орун алган куралдуу кагылышуулардан кечээ күнү алты аскер курман болду, алардын төртөө АКШнын жарандары. Бир америкалык аскер Багдад шаарында бомба жарылгандан өлдү жана дагы беш аскер Кербала шаарындагы ок атышуудан набыт болду. Америкалык аскерлердин өкүлү Жорж Крайвонун айтымында, Кербала шаарындагы куралчандар түнкү тартипти бузган: "Ок атышуу - тартип бузгандар тарабынан башталган. Коменданттык убакыт учурунда бир нече адам мечиттин алдында чогулуп турат деген кабар келгенде, Ирак полициясы жана коалициялык күчтөр ал жерге тартип орнотууга жөнөгөн". Ирак согушу аяктагандан кийин өлкөдө бардыгы болуп ушуну менен 101 америкалык аскер набыт болду.

XS
SM
MD
LG