НАРЫН. Нарын шаарынын ардагерлер тобу электр энергиянын кымбатташы элдик толкундоолорго алып келиши мүмкүн дешет. Бул жөнүндө алар 18-октябрда «Азаттык» радиосуна маалымдашты. Нарын шаарынын тургундарынын атынан шаардын ардагерлер тобу Жогорку Кеңештин депутаттарды Алевтина Проненкого жана Тайырбек Сарпашевге кат жолдошту. Ал катта карапайым нарындыктардын тапкан акчасынын 30-50% электр энергиянын акысын төлөөгө кетээри, тескерисинче, бийлик өкүлдөрү электр акысын төлөбөгөн учурлар көп болуп жатканын белгилешкен. Кат ээлеринин ою боюнча, айрым бир күчтөр өз кызыкчылыктарын көздөп электр энергиянын баасынын 100%га кымбаттатуу менен электр ишканаларын банкрот кылып, менчиктеп алууну көздөп жатышат. «Мындай кадамдардан эл толкуп кетиши ыктымал» дешет алар.
Нарын облустук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, облустун электр энергияга карызы 239,4 млн. сом.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев.
Редактор – Кубат Оторбаев.