Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

«Алга, Кыргызстан» партиясынын Ош регионалдык кеңешинин жыйыны өттү


ОШ. Бүгүн «Алга, Кыргызстан» партиясынын Ош регионалдык кеңешинин жыйыны өтүп, анда ишти тез арада жандандыруу, партиянын райондук-шаардык ячейкаларын түзүү маселелери талкууланды. Облустагы ар бир район, шаар менен иш алып бара турган адамдар аныкталды. Ош облусундагы иштерди аткаруу толук бойдон мурдагы «Жаңы кыймыл» партиясынын мүчөлөрүнө жүктөлдү. 7-сентябрдагы уюштуруу жыйынында «Алга, Кыргызстан» партиясынын курултайын үч айдан кийин өткөрүү белгиленген. 7-сентябрда «Жаңы кыймыл» , «Манас эли», «Жаңы заман» жана Кыргызстандын кооператорлору партиясы биригип «Алга, Кыргызстан» партиясын түзүшкөн.

XS
SM
MD
LG