Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:29

Кыргызстан коммунисттер партиясынын курултайы өттү


БИШКЕК. Кыргызстан коммунисттер партиясы алдына койгон башкы максат бул - алдыдагы парламенттик шайлоого активдүү катышып, партия мүчөлөрүнүн парламенттеги өкүлдөрүн көбөйтүү жана партияга жаштарды көбүрөөк тартуу. Бул жөнүндө бүгүн Бишкекте өткөн Кыргызстан коммунистер партиясынынын ХХVIII курултайында айтылды. Анын ишине Кыргызстан коммунисттик партиясынын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнөн 117 делегат катышты. Курултайда аткарылган иштер жөнүндө отчеттор угулду. Сөз сүйлөгөн партия жетекчиси Апсамат Масалиев жана партиянын текшерүү - көзөмөлдөө комиссиясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев уюштуруу иштериндеги кемчиликтер жөнүндө айтышып, партиянын ишин активдештирүү зарыл дешти. Курултайда Коммунисттер партиясынын Борбордук аткаруу комитетинин курамы жаңыланды. Курултай резолюция кабыл алды.

XS
SM
MD
LG