Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Таласка иш сапары менен барды


ТАЛАС. АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Стивен Янг эки күндүк иш сапары Таласта болду. Элчи Таласка Өтмөк ашуусу аркылуу келип, кайра Казакстан аркылуу кетти. Таласта Стивен Янг мырза алгач «Манас-Ордо» компекси менен таанышты. Андан кийин Демократияны колдоо борборунда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, адам укуктарынын сакталышы, жер иштетүүдө экологияны сактоо маселелери боюнча пикирлерин айтты. Чакан кредит берүүчү «Финка» корпорациясында ишкерлер менен кездешкен учурда Казакстан аркылуу товар алып өтүүнүн көйгөйлөрү козголду. Сапарынын аягында элчини облустун губернаторунун биринчи орун басары Канат Нартаев кабыл алып, Талас облусу тууралуу маалымат берди.

XS
SM
MD
LG