Кечээ кечке жана бүгүн шайлоо бекеттери жабыларына 5 саат калганга чейин добуш берүүгө ага укуктуулардын 34%дайы эле келди. Референдум өттү деп табылыш үчүн добуш берүүгө шайлоочулардын кеминде 50%дан ашыгы катышышы керек. Калк өлкөнүн мыйзамдарын жалпы европалык мыйзамдарга ылайыкташтыруу максатында Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр үчүн добуш берип жатат. Румыния Европа Биримдигине 2007-жылы кирүүгө үмүттөнөт.
Улан Эшматов, Прага
Улан Эшматов, Прага