Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

Швейцарияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Анда өлкөнүн ашынган оңчул Элдик партиясы жеңишке жетишээри күтүлүүдө. Быйылкы шайлоо кампаниясы учурунда жумушсуздук, пенсиялык камсыздоо жана качкындар маселелери басымдуулук кылды. Акыркы он жылдан бери иммиграцияны чектөө талаптарын коюуп келе жаткан Элдик партия шайлоочулар арасындагы беделин жогорулата алды. Андыктан эми шайлоонун жыйынтыгы менен аталган партия Швейцариянын Федералдык кеңешинде же өкмөтүндөгү өкүлдөрүнүн санын көбөйтөрү болжолдонууда. Конституцияга ылайык, Федералдык кеңештин баардык мүчөлөрү президенттин жана вице-президенттин кызматын кезектешип аткарышат.

XS
SM
MD
LG