Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Тереза Эне кут жалгаган олуялардын катарына кошулду


Католиктердин атактуу кечили, маркум Тереза энени кут жалгагандардын катарына Рим папасы Иоанн Павел Экинчи кошту.Буга байланыштуу Ватикандагы Ыйык Петр аянтында болгон салтанатка 250миңден ашуун адам катышты. 1910-жылы Македонияда төрөлгөн, улуту албан Тереза эне кечил катары Индияга барып, өзүнүн бүткүл өмүрүн ач-жылаңач жана оорукчан адамдарга жардам көргөзүүгө арнаган. Ал 1979–жылы Нобель тынчтык сыйлыгына ээ болгон.1997-жылы 87жаш курагында дүйнөдөн өттү. Тереза эне теги албандык болгондуктан, бүгүнкү окуяны Албаниянын башкалаасы Тиранада жана ал кызмат өтөгөн Индиянын Калькутта шаарында да белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG